• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Токтогулдагы жаңы мектептин курулушун тездетүүнү тапшырды

Өкмөт 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда, Жалал-Абад облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Токтогул районундагы жаңы мектептин курулушунун жүрүшү жана Маданият үйүнүн абалы менен таанышты.
Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким Майорбек Сатымкулов маалымдагандай, Арал айылындагы жергиликтүү орто мектеп 1988-жылы курулган. Мектеп 120 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө анда 212 окуучу окуйт. Мектептин эскилиги жеткен, билим берүү стандартына туура келбейт. Ошондуктан жаңы окуу имаратын куруу зарылдыгы келип чыккан.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган маселе чечилерин билдирди. Өкмөт башчы тийешелүү мамлекеттик органдарга аталган объекти боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды
Торкен айыл аймагынын Көтөрмө айылындагы мектептин курулушу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаев маалымдагандай, мектептин жаңы имараты 225 окуучуга эсептелген. Долбоордун сметалык наркы 56млн сом. Анын ичинде 9 млн сом калган. Каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө. Объектини пайдаланууга тапшыруу 2017-жылдын 1-сентябрына пландаштырылууда.
Премьер-министр белгилегендей, курулушту өз мөөнөтүндө бүткөрүү үчүн жумушчулардын санын көбөйтүү зарыл. Сооронбай Жээнбеков курулуш ишин дыкат аткарууну, бардык курулуш нормаларын сактоо жана сапаттуу курулуш материалдарын колдонууну баса белгилегендей,
Премьер-министр ошондой эле Көтөрмө айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган калктуу конушта бериле элек ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйү көтөрүлдү. Мындан тышкары жергиликтүү жашоочулар салынып жаткан мектепте спорттук залды куруу мүмкүнчүлүгүн кароону өтүнүштү.
Сооронбай Жээнбеков баса белгилегендей, Көтөрмө айылы «Таза суу» долборуна киргизилген, ошондуктан жакынкы убакта ичүүчү суу берилет.
Андан ары Премьер-министр Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы маданият үйүнө барды. Имарат капиталдык ремонттоого муктаж. Бул жерде Өкмөт башчы чыгармачыл жамааттын суроолоруна жооп берди.
Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов билдиргендей, Маданият үйүндө 116 адам иштейт. Имарат 1975-жылы пайдаланууга тапшырылган. 2006-жылы Токтогул районунун атайын фондунан Маданият үйүн капиталдык оңдоп-түзөөгө 3,1 млн сом бөлүнгөн. Бирок каражаттын жетишсиздигинен улам концерттик зал, жылытуу системасы жана сахнаны жарыктандыруучу кабелдик приборлор ремонттон өткөн эмес. Мындан тышкары имараттын чатыры ремонттоого муктаж. Ошондой эле Маданият үйүнүн ички жасалгасын тартипке келтирүү зарыл. Көйгөйдү иликтеген Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Борубаевге Токтогул шаарындагы Маданият үйүн 2018-жылы капиталдык курулуш объектилеринин тизмесине киргизүүнү, аталган максатта 7 млн сом кароону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий