• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Тоолуу шартта медицина кызматкерлеринин эмгеги сыйга жана мактоого татыйт

Өкмөт 0

Бишкек, 26-июль /Кабар/. Тоолуу шартта медицина кызматкерлеринин эмгеги сыйга жана мактоого татыйт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Жаңы-Базар айылындагы оорукананын абалы менен таанышкан учурда билдирди.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматында Жаңы-Базар айылындагы оорукананын имараты капиталдык оңдоого жана материалдык-техникалык базасы жаңыланууга муктаж.

"Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тиешелүү мамлекеттик органдарга капиталдык оңдоого жана медициналык жабдууларды, анын ичинде рентген-аппаратын сатып алууга кете турган каражаттын суммасын эсептеп чыгууну тапшырды. Андан кийин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы авариялык абалда турган айылдык оорукана эмгектенген медицина кызматкерлеринин иштөө шарттары менен таанышып чыкты", - деп айтылат Өкмөттүн маалыматында.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн алдындагы Архитектура курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине тиешелүү коммуникациялык шарттары бар, 15 бейтапка ылайыкталган типтүү имарат куругуу маселесин чечүүнү милдеттендирди.

Андан соң Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ала-Бука районундагы Падек айылында жайгашкан Жоробаев атындагы орто мектептин курулушу жана Аксы районунун Улук айылындагы Ж.Султанов атындагы орто мектептин абалын көрдү.

«Өкмөт билим берүү системасына өзгөчө көңүл бурууда. Сапатту билим берүү – биздин балдардын ийгиликтүү келечеги. Муну эске алуу менен келерки жылы Өлөң-Булак айылында жаңы мектеп куруу чечими кабыл алынды. Социалдык объекттер анын ичинде мектептерди куруу жана алардын сапаты өзгөчө көзөмөлгө алынат», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, союз маалында курулуп, учурда оңдоого муктаж болгон Базар-Коргон районундагы борбордук стадионго барды. Ал стадионду этабы менен оңдоо боюнча план түзүп, аны 2018-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 100 жылдыгына карата бүткөрүүнү тапшырды.

Андан ары Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авариялык абалдагы Каныш-Кыя – Ала-Бука автожолундагы көпүрөнү көрүп, Транспорт жана жолдор министрлигине бардык тиешелүү талаптарга жооп берген көпүрө салуу боюнча долбоор иштеп чыгууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий