• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Турдакун Усубалиев Кыргызстанды агрардык-индустриялык өлкөгө айланта алды

Президент 0


Бишкек, 06.11.19. /Кабар. Турдакун Усубалиев Кыргызстанды агрардык өлкөдөн чыныгы агрардык-индустриялык өлкөгө айлантуу үчүн жан аябай күрөшүп келген. Аны ишке ашырган. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Ал белгилегендей, мунун далили катары 80-жылдары Кыргызстан дүйнөнүн 53 мамлекетине ар кандай өнөр жай продукциясын экспорттоп турганын айтса болот.

"Мындан тышкары, Турдакун Усубалиевич – Кыргызстанды ар түрдүү кооптуу долбоорлорду ишке ашыруу аракеттеринен сактап калган. Ал Соң-Көлдүн суусун Нарын дарыясына бурабыз деген коогалаңдуу долбоордон жана Чаткал дарыясына суу сактагыч куруп, ал аймакты сууга бастыра турган коркунучтан сактап калганын улуу муун жакшы билет. Чүйдө кара куурайды, Ысык-Көлдө апийимди өстүрүүнү токтотуу үчүн Союздун деӊгээлинде кайра–кайра маселе коюп жүрүп, элибиздин генофондуна зыян келтирчү чоӊ кырсыктан сактап калган", - деди ал.

Президент белгилегендей, анын бул күч-аракеттери Усубаливедин канчалык көрөгөч жана даанышман, өз эли-журтун сүйгөн мыкты патриот уул болгондугун айгинелеп турат.

Пикир

Оставить комментарий