• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жээнбеков туруктуулукту калыбына келтирүү жана бардык маселелерди укуктук талаада чечүү үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосун алууда

Президент 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Акыркы саясий окуяларга байланыштуу, Россия Федерациясы, Америка Кошмо Штаттары, Казакстан Республикасы, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугу жана ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы жана Евробиримдик туруктуулукту калыбына келтирүү жана бардык маселелерди укуктук талаада чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду колдошууда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Россия Федерациясы чыныгы союздаш жана стратегиялык өнөктөш катары, кырдаалдын биринчи күндөрүнөн тартып, өлкөнүн мындан аркы туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бардык шарттарды түзүүдө Мамлекет башчысына ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин ортосунда бир катар сүйлөшүүлөр болуп өттү. Россия Федерациясынын Президентинин тапшырмасы менен Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак консультация өткөрүү үчүн атайын Бишкекке жиберилген.

Ошондой эле Борбордук Азия өлкө башчылары бардык маселелер Конституцияны жана улуттук мыйзамдарды так сактоо менен чечилиши керектигин билдиришти. Кыргызстандын жыргалчылыгы региондогу коопсуздуктун жана бүткүл Борбор Азиянын туруктуу өнүгүүсүнүн маанилүү фактору экендиги белгиленди.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жоомарт Токаев өлкөнүн легитимдүү Мамлекет башчысы Президент Сооронбай Жээнбеков экендигин айтып, анын өлкөдөгү чыр-чатакты токтотуу жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерин колдой тургандыгын билдирди.

Дээрлик бүтүндөй эл аралык коомчулук жаралган кырдаалды инклюзивдүү, мыйзамдуу жана демократиялуу жол менен чечүүдө Президент Сооронбай Жээнбековдун чечүүчү ролун белгилеп, анын, ошондой эле мыйзамдуу бийлик өкүлдөрүнүн, жарандык коомдун лидерлеринин жана юрист окумуштуулардын аракеттерин колдоого алышууда.

Ошондой эле жакынкы күндөрү жаралган кырдаалды тынчтык жолу менен чечүү үчүн кеңеш берүү максатында БУУнун Борбордук Азия боюнча Башкы катчысынын Атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн Превентивдүү дипломатия боюнча (РЦПДЦА) башчысы Наталья Германдын келиши күтүлүүдө.

Өнөктөш өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдуу бийлиги менен кызматташууну жакташарын жана учурдагы кырдаалдан чыгуунун жолдорун издеген саясий процессти жетектөөдө Президенттин чечүүчү ролун баса белгилей тургандыктарын айта кетүү керек.

Кыргыз Республикасы легитимдүү Өкмөттү шайлоо менен мыйзам алкагына акырындык менен ишенимдүү түрдө кайтып келе жатат.

Эл аралык байкоочулардын катышуусу менен эл аралык стандарттарга шайкеш келе турган, Конституцияга жана өлкө мыйзамдарына ылайык эркин жана акыйкат парламенттик шайлоону өткөрүү милдети кийинки шилтенчү кадам болуп саналат.

Муну менен биргеликте айрым бир деструктивдүү күчтөр зордукчулук жол менен өлкөдө башаламандык жаратууну каалап жатышат. Кыргыз Республикасынын элине мунун кереги жок.

Бүгүн, 14-октябрда, өлкө Парламенти Кыргыз Республикасынын Премьер-министрин жана Өкмөт мүчөлөрүн шайлап берип, Президент алардын дайындалышы тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, жаңы Өкмөт мамлекеттин бардык аймагында, анын ичинде Бишкекте да коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылууда жооптуу. Бишкек шаарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө буга чейин Мамлекет башчысы тарабынан кабыл алынган жана өлкөнүн парламенти тарабынан жактырылган Жарлыкты ишке ашыруу боюнча бардык тийиштүү мамлекеттик органдар толук кандуу чараларды көрүүсү маанилүү.

Буга чейин, массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч жараткан кырдаал түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын 19-октябрына чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизген.

Пикир

Оставить комментарий