• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков УБнын төрагасы менен макроэкономикалык туруктуулукту колдоо чараларын талкуулады

Президент 0

Бишкек, 14.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-августта, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Өлкөдөгү коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында банктык жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун камсыздоо чаралары талкууланды.

Толкунбек Абдыгуловдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Улуттук банк тарабынан илдеттин терс таасирлерин жымсалдоо, ишкер субъектилерин жана калкты колдоо максатында жалпысынан 6 миллиард сомдон ашык каражат ата мекендик экономиканы жана реалдуу секторду колдоого багытталган:

— 2020-жылдын январь айынан тартып 3 млрд. сомдон ашык каражат коммерциялык банктарга берилип, калкка 10-14%дан насыя түрүндө таратылган;

— коммерциялык банктар үчүн насыялар дээрлик 1 миллиард сомго чейин кеңейтилген;

— пандемиянын терс таасирин азайтуу максатында коммерциялык банктарга 400 млн. сомдон ашык суммада насыялар берилген;

— пандемия шартында ипотекалык, кичи жана орто бизнести насыялоону кеңейтүү максатында, «Керемет Банк» ААКна 1,5 млрд сомго кошумча капиталдаштыруу жүргүзүлгөн;

— коммерциялык банктардан насыя алуу үчүн кепилдик берүү жолу менен ишкерлерди колдоого «Кепилдик фонд» ААКна 1 миллиард сомго кошумча капиталдаштыруу жүргүзүлгөн;

Ошондой эле бюджетти колдоо максатында Улуттук банктын 2019-жылдагы 2,5 миллиард сом өлчөмүндөгү бардык кирешеси 2020-жылдын июль айында мамлекеттик бюджетти колдоого багытталган, ал эми 10 пайызы — болжол менен 256 миллион сом, өлкөнүн каржы секторун колдоо үчүн Өкмөттүн резервин түзүүгө багытталган.

Толкунбек Абдыгулов Улуттук банктын эл аралык резервдери тарыхый максимумга жетип, 2 миллиард 769 миллион АКШ долларын түзгөнүн кошумчалады.

Резервдердин өсүшү биринчи кезекте ички рыноктогу алтынды улуттук валютага сатып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатка байланышкан.

Мындан сырткары, ал Улуттук банктын мурда берген сунуштамаларына ылайык, зайымчыларга жеңилдиктерди берүү жаатында каржылык-насыялоо уюмдары тарабынан 30-июлга карата жалпы суммасы 77 млрд сомдук 201 277 насыялар реструктуризацияланганын маалымдады.

Муну менен бирге Улуттук банк 2020-жылдын 12-августунда атайын регулятивдик режим жөнүндө токтом кабыл алган. Ага ылайык, банктык жана төлөм системаларында инновациялык кызмат көрсөтүүлөр жана технологиялар ишке киргизилет, баасы төмөндөтүлөт, банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулайт, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде ачык-айкындуулук камсыздалат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын макроэкономикалык туруктуулукту сактоодогу өзгөчө ролун белгиледи.

Каржылык-банк тутумунда туруктуулукту сактоонун, коронавирус инфекциясы пандемиясына байланыштуу сакталып жаткан тобокелчиликтер шартында улуттук валютанын сатып алуучулук мүмкүнчүлүгүнүн маанисин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы бардык аймактардагы банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү кенейтүүнүн маанисине токтолуп, алыскы райондордун пост-терминалдар жана банкоматтар менен камсыздалышына көңул бурду.

Улуттук банктын төрагасынын берген маалыматы боюнча, жергиликтүү бийликтин айрым жетекчилеринин материалдык жоопкерчилик алууну каалабаганы банкоматтарды орнотууга тоскоолдук болууда. Толкунбек Абдыгулов бул багытта Өкмөт менен биргеликте иштер жүргүзүлүп жатканын, орун алган көйгөйлөр чечилерине ишендирди.

Мамлекет башчысы ошондой эле ишкердикти колдоого жеңилдетилген түрдө насыяларды берүү механизмдерин иштеп чыгууга көңүл бурду.

Мындан сырткары, ал Улуттук банк өлкөнүн алтын-валюта резервдерин көбөйтүү саясатын улантып, азыркы түзүлгөн кырдаалда өзгөчө маанилүү болгон банктык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү керектигин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө экономикасын мындан ары стимулдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн кылдат анализ жүргүзүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий