• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков учак кыйрашына байланыштуу Пакистандын президентине көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 23.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Пакистан Ислам Республикасынын президенти Ариф Алвиге Карачи шаарындагы аэропортунун жанында учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Карачи шаарындагы аэропорттун жанында Airbus A320 учагынын күтүүсүз кыйрагандыгы жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана бүткүл Пакистан элине бул кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтып, жабыр тарткан адамдардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий