• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков учкуч-космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту

Президент 0


Бишкек, 18. 06.19. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда президент Сооронбай Жээнбеков учкуч-космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчы, кичи Мекени Кыргызстанга келген Салижан Шарипов менен жылуу учурашып, Кыргызстан космосту багындырган атактуу мекендешин ар дайым кубаныч менен тосуп алууга даяр экенин белгилеген.

Учкуч-космонавт Салижан Шарипов жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын ар тараптуу өнүгүүсүнө жардамын берүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий