• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Учурдагы кыйынчылыкка карабай, экономиканы сактап калуу боюнча бардык иш-чаралар аткарылат

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. «Учурдагы кыйынчылыкка карабай, экономиканы сактап калуу боюнча бардык иш-чаралар аткарылат», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында.

Мамлекет башчысы бизнести колдоо үчүн бир катар чечкиндүү кадамдар жасаларына ишендирип, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл жумушту — жазгы-талаа иштерин үзгүлтүккө учуратууга болбой турганына өзгөчө басым жасады.

Президент ошондой эле электрондук форматта жүргүзүлүшү мүмкүн болгон бардык иштер улантыларын айтты.

«Санариптештирүү боюнча акыркы эки жылда жасалган иштин пайдасын — бүгүнкү күнүмдүк турмушубузда көрүп жатабыз. Өлкө экономикасын, калктын турмушун жакшыртууга багытталган улуттук долбоорлорду уланта беребиз. Алар кечеңдеши мүмкүн, бирок, үзгүлтүккө учурабайт. Бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бизге көмөк берип жаткан донорлор да өз жардамын токтотпой турганын белгилешти», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Биз мамлекеттик бюджеттин кирешесин көбөйтүп, социалдык чыгымдарга зарыл запас түзүп баштаганбыз. Акыркы эки жылда бюджеттин дефицитин азайтып, сырткы карыздын көлөмүн көбөйтпөй, көзөмөлдө кармап келдик. Ишкерлерге салык жагынан жакшы шарт түзүп, экономикалык активдүүлүк башталган. 2018-жылы Ички дүң продукт 3,5 пайызга, ал эми 2019-жылы дээрлик 5 пайызга өскөн. Бизнести каржылоонун көлөмү кескин көбөйгөн. Тилекке каршы, жалпы дүйнөнү капыстан каптаган илдет биздин экономикабызга да чоң залалын тийгизди. Учурдагы кыйынчылыкка карабай, экономиканы сактап калуу боюнча бардык иш-чаралар аткарылат», — деп жыйынтыктады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий