• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Уюшкан кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн бир эле мамлекеттин иш-аракети жетишсиз

Президент 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Башкы прокурорлорунун координациялык кеңешинин 29-чу жыйыны өтүүдө.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жыйындын катышуучуларына жолдогон сөзүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

Төмөндө текст толугу менен:

«Урматтуу Координациялык кеңештин отурумунун катышуучулары, кымбаттуу коноктор.

Сиздерге чын дилден Кыргыз Республикасынын баш калаасы Бишкекке кош келипсиздер демекчимин.

КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы көп тараптуу байланыштарды бекемдөө жана Уюмдун дараметин ар тараптуу колдонуу мамлекеттерибиздин алдында турган негизги милдеттердин бири болуп саналат.

Бүгүнкү сиздердин жолугушууңуздар Шериктештик өлкөлөрүндө мамлекеттер аралык мамилелерге жаңы шык-дем берүүгө умтулуу бар экендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Координациялык кеңеш биздин мейкиндиктеги эң бир маанилүү укуктук милдеттерди жүзөгө ашырууда чоң кадыр-баркы жана мол тажрыйбасы бар негизги уюмдардын бири болуп саналат.

Кеңеш өткөн мезгил ичинде өз ишмердигинин зарылдыгын толугу менен далилдей алды.

Координациялык кеңештин иши ведомстволор аралык гана эмес, адам укуктарын коргоо жана трансчектик уюшкан кылмыштуулук сыяктуу глобалдык милдеттерди да чечүү үчүн маанилүү болуп саналат.

Трансчектик кылмыштуулуктун чектери болбойт, ал мамлекеттердин суверендүүлүгүн тааныбайт жана биздин жалпы көйгөйүбүз болуп саналат.

Уюшкан жана трансчектик кылмыштуулукка натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн бир эле мамлекеттин иш-аракети жетишсиз.

Бул үчүн Координациялык кеңешке мүчө болгон бардык мамлекеттердин тыгыз гана эмес, туруктуу да мүнөздө болгон кызматташтыгы зарыл.

Координациялык кеңештин мүчөсү болгон жана кызыкдар өлкөлөрдүн биргелешкен иш-аракети ийгиликке жетүүгө өбөлгө боло алат.

Координациялык кеңештин бүгүнкү отурумунун жыйынтыктары КМШга мүчө мамлекеттердин прокуратура органдарынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө кызмат кылып, алардын ишмердигинин бийик натыйжалуу болушуна көмөктөшө турганына ишеним билдирем.

Баарыңыздардын ишиңиздер жемиштүү болушун каалайм».

Пикир

Оставить комментарий