• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кызматынан бошотту

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.05.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кадыркулов Идрис Анарбекович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКнын басма сөз кызматы акыркы мезгилде коомдо талкууланып жаткан паспорт чырына байланыштуу Идрис Кадыркулов отставкага кетүү тууралуу арыз жазгандыгын билдирген болчу.

Пикир

Оставить комментарий