• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков УКМКнын төрагасы менен Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттерин талкуулады

Президент 0


Бишкек, 13.02.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-февралда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин чечимдерин тездетип ишке ашыруу милдеттери талкууланды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Президентке коррупция менен күрөшүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана ошондой эле натыйжалуулугун жогорулатуу максатында УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын ишмердигин жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат берди.

Антикоррупциялык кызматтын ишмердиги тыкыр талданып, Мамлекет башчысынын Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында айткан сын-пикирлеринин бардыгы эске алынганы билдирилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыска мөөнөттө Антикоррупциялык кызматтын ишмердигинин форматын ведомствого жүктөлгөн милдеттерди толук аткарып жатабы жана ар бир кызматкери иштеген кызматына ылайык келеби – кайрадан карап чыгуу милдетин койду.

«Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт, - деп белгиледи Президент. – Сиздер алдыңарга максималдуу бийик милдет коюп, максатка жетишип, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген коррупциялык кылмыштар менен күрөшүшүңөр керек».

Президент жана УКМКнын төрагасы ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү жана күрөшүү боюнча мындан аркы пландарды талкуулашты.

«УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик структуралардагы коррупция менен күрөш жүргүзүү. Жыйынтык керек», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

УКМКнын төрагасы ошондой эле Президентке өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча мындан аркы пландары, анын ичинде террористтик жана экстремисттик уюмдардын иш-аракеттерин аныктап, алдын алуу иштери боюнча маалымат берди.

Пикир

Оставить комментарий