• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт

Президент 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет. Ал эми Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн Кыргызстандын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуунун жыйынтыгында билдирди.

«Биз көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарындагы кемчиликтер менен күрөш жүргүзөбүз. Ошондуктан ишкерлердин укуктарын коргоо максатында Бизнес-омбудсмен институту киргизилет.Өнөр жай саясатыбызды өзүбүз аныктоочу мезгил келди. Ушул максат менен Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында өнөр жайды өнүктүрүү Комитети түзүлөт», -деп маалымдады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Комитет коомдук башталышта иштейт. Анын статусун жогорулатуу үчүн Мамлекет башчысы ага алдыңкы бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрүн киргизүү зарылдыгын белгилеп, жолугушуунун катышуучуларын Комитеттин ишине катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий