• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады

Жеңишке 75 0


Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери!

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын дилимден куттуктайм!

Улуу Ата Мекендик согуштун жылдары бизден алыстаган сайын, Улуу Жеңиштин мааниси, баасы, баркы мурдагыдан да даана көрүнүүдө.

Жениш күнү — кубаныч менен кайгы, күлкү менен көз жаш аралашкан, өткөн тарыхыбызды сыймыктануу менен эстей турган күн.

9-Май — беш жыл бою, күнү-түнү күткөн, улуу муундун каны, өмүрү менен өлчөнгөн күн.

Ушул күнгө жетүү үчүн кандуу согушта 27 миллионго жакын советтик адамдардын өмүрү кыйылган.

Жалпы СССР элдери менен бирге, Мекенди коргоого кыргызстандыктар да түп көтөрүлө катышты.

Согуш апааты Кыргызстандагы бир дагы үй-бүлөнү жандап өткөн эмес.

Ар бир төртүнчү эр-азамат согушка аттанган.

Жеңиш үчүн биздин республикабыз да оор жоготууларга туш болуп, 90 миңден ашык жердешибиз кан майданда баатырларча каза болгон.

Бүгүн, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын белгилеп жатып, согуш талаасында курман болгондордун элесине башыбызды ийип, таазим этебиз.

Жеңиш күнүн жакындатып, фронттогу зарылдыкты камсыз кылып турган энелерибиздин, ошол кездеги бели ката элек балдардын, оорукта күн-түнү иштегендердин эмгегине, кайратына терең ыраазылык билдиребиз.

Советтер Союзунун башка шаарларынан келген, ата-энесинен ажырап калган балдарды — апаларыбыз кучак жайып тосуп алып, өз баласындай багып алган.

Согуш мезгилинде биздин республиканын аймагына эвакуацияланган жарым миллиондон ашык жарандын көпчүлүгү Кыргызстандан экинчи үйүн тапкан.

Совет элинин баатырдыгы, анын биримдиги, өз мекенине чексиз берилгендиги — фашизмди жеңүүнүн чечүүчү фактору болгон.

Бүгүнкү урпактардын эркин жашоосу үчүн — аталарыбыз канын төгүп, өмүрүн, ден соолугун курмандыкка чалган.

Ошондуктан Жеңиш күнүнүн бийик маанисин коргоого, Улуу Ата Мекендик согуштун сабактарын унутпоого милдеттүүбүз.

Дорогие ветераны войны и труженики тыла!

Уважаемые соотечественники!

Сердечно поздравляю вас с Днем Победы в Великой Отечественной войне!

Сегодня, празднуя 75-ю годовщину Победы Советского народа, мы склоняем головы перед памятью погибших на полях сражений.

Массовый героизм советского народа, его единство и преданность Родине стал главным фактором победы над фашизмом.

Подвиг советского солдата — никто не может оспорить.

Кыргызстан внес свой достойный вклад в Победу.

На полях сражений Великой Отечественной войны воевали 365 тысяч кыргызстанцев.

90 тысяч наших земляков героически погибли на полях битвы.

Более 150 тысяч получили награды за проявленный героизм.

Многие наши земляки были награждены орденами Славы, а 22 из них стали полными кавалерами этого ордена.

За личное мужество и отвагу звания Героя Советского Союза удостоились 73 кыргызстанца.

В тылу наши земляки трудились не покладая рук и обеспечивали фронт всем необходимым.

Наши матери и бабушки усыновили детей из других городов Советского Союза, чьи родители погибли, или воевали на фронте.

Во время войны в нашу республику были эвакуированы полмиллиона граждан Советского Союза. Для многих из них Кыргызстан стал вторым домом.

Сегодня, в День Победы, мы с гордостью вспоминаем тех, кто героически погиб на фронтах Великой Отечественной войны.

Сегодня выражаем искреннюю благодарность нашим ветеранам за их подвиг.

К сожалению, с каждым годом редеют ряды наших дорогих ветеранов, тех, кто знает настоящую цену Победы.

Окружить их вниманием и заботой не только в День Победы, но и в повседневной жизни — наш долг и обязанность.

Уважаемые ветераны и труженики тыла, мы с глубокой благодарностью адресуем Вам наши поздравления с Днем Победы.

Низкий наш поклон за Ваш героизм на фронте, за ваши трудовые свершения в тылу.

Мы имеем мирное небо над головой и возможность жить в свободной стране.

Этим мы обязаны вам.

Спасибо, дорогие наши ветераны!

Урматтуу мекендештерим!

Азыркы учурда, бир тарапта — коронавирус илдетинин кесепеттери, экинчи жагында — экономикага тескери таасир этчү коркунучтар турат.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө түшүргөн кырсыктан элибизди аман-эсен алып чыгуу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Илдеттин жайылуусуна бөгөт коюу, жарандарыбыздын ден соолугун жана өмүрүн сактоо үчүн өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин киргиздик.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик, дарыгерлерибиз, милиция жана аскер кызматкерлери күнү-түнү эмгектенишип, калкыбыздын өмүрүн сактоо үчүн болгон аракетти жасашууда.

Айыл, район, облустардын жашоочулары жеринде тартипти кармап, кирген-чыкканды көзөмөлдөп, илдетке каршы күрөштө чоң жардам беришүүдө.

Жалпы элибиз кырдаалды туура түшүнүп, сабырдуулук жана жоопкерчилик менен мамлекеттик органдардын аракеттерин колдоп, талап кылынган эрежелерди сактап берди.

Чогуу жасаган ушул аракеттер — оорунун андан ары жайылышына бөгөт болду.

Эми экономикабызды жандандыруу үчүн, ишкерликтин айрым багыттарына уруксат берилди.

Алар өз жумушун кайрадан баштады.

Мындан ары бардык тармактар боюнча бизнестин ишмердигин акырындап ордуна келтирүүгө муктажбыз.

Бирок, адамдарыбыздын ден соолугу жана өмүрү баарынан кымбат.

Ошондуктан, жалпы республиканын аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталат, анын мөөнөтү дагы узартылат.

Өзгөчө абал режими алынып салынса да, ар бирибизден катуу тартипти сактоо, санитардык–гигиеналык эрежелерди бекем кармануу талап кылынат.

Ишканалардын иши жанданып, карым-катыш ачылган шартта да бул талаптарды кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз.

Коомдун саламаттыгы үчүн мамлекет жооптуу. Бирок, оорунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө үчүн, мамлекет менен катар ар бир жаран да өз жоопкерчилигин сезүүгө милдеттүү.

Ыктыярдуу жоопкерчилик мурдагыдан да күчтүү болушу керек.

Иш берүүчүлөр жана жергиликтүү бийлик чогуу аракет кылып, зарыл чаралардын баарын аткаруусу абзел.

Коомдун, өзүбүздүн, балдарыбыздын, жакындарыбыздын ден-соолугу жана өмүрү үчүн мамлекет менен чогуу — ар бирибиз жоопкерчиликти моюнга ала турган учур келди.

Баарыңыздарга бүгүнкүгө чейин тартипти сактап, медициналык талаптарды аткарганыңар үчүн терең ыраазылык билдирем.

Мындан ары да бекем тартип, биримдик менен, бул аракеттер улантылат.

Урматтуу мекендештерим,

Бүгүн, Жеңиш күнү, Манас бабабыздын жолун улап, элин коргогон аталарыбыздын эрдигин сыймыктануу менен эстейбиз.

Согуш жылдарын башынан өткөргөн ардагерлерибиздин катары, тилекке каршы, жылдан жылга суюлууда.

Курман болгондордун жана кан майдандан аман келип, кийин арабыздан өтүп кеткендердин элесине таазим этебиз.

Урматтуу согуштун ардагерлери,

Урматтуу ооруктун эмгекчилери!

Сиздерди сый-урмат менен кадырлоо — ар бир кыргызстандыктын ыйык милдети!

Дагы бир жолу Улуу Жеңиш Күнү менен куттуктайм! Ар бириңиздерге бекем ден соолук каалайм. Арабызда аман болуӊуздар!

Ар дайым жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун!

Жараткан Кудай Өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!»

Пикир

Оставить комментарий