• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Корчубек Акназаровго учурашып келди

Президент 0

Бишкек, 07.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-майда Жеңиш күнүнүн алдында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик Эмгектин Баатыры Корчубек Акназаровго учурашып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президент ардагерди келе жаткан Жеңиш күнү менен куттуктап, өлкөгө кылган көп жылдык кызматы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

«Сиз сыяктуу адамдардын арты менен биз бүгүн Жеңиш күнүн белгилеп жатабыз. Сиздин муундун каармандыгы менен өлкөбүз согуштан кийинки кыйынчылыктарды жеңип чыкты. Майдандан жеңиш менен кайтып келип, Сиз өлкөбүз үчүн кайратмандык менен эмгектендиңиз», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, кыргызстандыктардын эсинде түбөлүккө сакталып калганын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ардагер аксакал менен дасторкон четинде жылуу маектешип, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу эмнеге муктаж экенине кызыкты. Маектешүү учурунда агрардык сектордун көйгөйлөрү, региондорду өнүктүрүү, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаал тууралуу сөз болду.

Мамлекет башчысы Корчубек Акназаровдун бай тажрыйбасы, көптү билгени жана акыл-кеңештери өгөчө баалуу экенин айтты. “Сиздин өрнөктүү өмүрүңүз, бийик парасатыңыз, эмгекчилдигиңиз жана жупунулугуңуз азыркы бардык жетекчилер үчүн үлгү», - деп баса белгиледи Президент.

Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Корчубек Акназаров куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, согуштагы окуяларды, от күйгөн согуш кезинде жана андан кийинки оор жылдары эл башынан өткөн оорчулуктарды эскерди жана азыркы муундарга акыл-насаатын айтып, батасын берди.

Ардагер аксакал кыргызстандыктарды биримдикте болууга, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого чакырды жана Мамлекет башчысына өзүнүн “Өмүрдөгү ак жол” аттуу китебин белекке берди.

Корчубек Акназаров 1-Белорусс фронтунда согушкан. Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы майдандан туулган жерине кайтып келип, Чаткал районундагы К. Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп баштаган. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда – Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий