• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Королдугунун Премьер-министри Тереза Мэйди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Кыргыз Республикасы менен Бириккен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Королдугу ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу мамилелери биздин элдердин кызыкчылыгы үчүн мындан ары дагы өнүгөт жана тереңдейт деп ишенем», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Британиянын Премьер-министри Тереза Мэйге бекем ден-соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик кызматына ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий