• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Жээнбеков: Улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын

Президент 0

Бишкек, 21.08.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу мусулман агайын туугандарым!

Сиздерди Жараткандын эң улуу күндөрүнүн бири — ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул күнү Кудайга тобо келтирип, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз, жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз.

Курман Айт Жаратканга жакын болууга, таза жашоого, кең пейилдикке жана кайрымдуулукка үндөйт. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт.

Биз бүгүн Жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын.

Кыргызстандын ар бир жараны жан дүйнөсүн жаӊыртып, бекем ыйман, адал эмгек менен аруу чөйрөдө бактылуу жашоого жетишсин!

Ажылык парзын аткарып жүргөн бир туугандарыбыздын тилектери кабыл болсун, алар мекенибизге аман эсен кайтып келишсин.

Өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымак, өз ара урматтоо бекемделип, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.

Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде гүлдөп өнүгүү болсун!

Кыргызстаныбызды Кудай өзү колдосун!

Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештерим!»

Пикир

Оставить комментарий