• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Валентина Шевченкону жеңиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Валентина Шевченкону Канаданын Торонто шаарында өткөн абсолюттук мушташ чемпионатында жеңишке жетишиши менен куттуктады.

«Кыргызстан сиз менен сыймыктанат. Сиз мурдагы СССР өлкөлөрүндөгү UFC боюнча аялдар арасында чемпиондукту жеңип алган алгачкы спортчу катары жаштарыбызга үлгү болдуңуз. Сизге мелдештерде мындан ары дагы ийгиликтерди каалайм. Ыңгайлуу учурда Мекениңизге келип кетүүгө чакырам», -деди Мамлекет башчысы.

Валентина Шевченко Канадада өткөн UFC 231 мелдешинде польшалык Джоанна Енджейчикти жеңип, жеңил салмакта абсолюттук мушташ чемпионатында чемпион деген наамга жетишти. Жердешибиз 57 килограмм салмакта UFСтин чемпиондук наамы үчүн ат салышкан.

Эске салсак, Валентина Шевченко менен Джоанна Енджейчиктин ортосундагы беттешүү бүгүн, 9-декабрда Торонто шаарында (Канада) өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий