• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Венгрия Улуттук жыйынынын төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга жасаган расмий визитинин алкагында Венгриянын Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жолугушуунун алдында Сооронбай Жээнбеков менен Ласло Кёвер Будапешттин эң кооз курулуштарынын жана шаардын тарыхый ажайып жайларынын бири болуп саналган Парламент имаратын биргеликте көрүп чыгышты.

Венгрия Улуттук Жыйынынын Төрагасы Ласло Кёвер Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий сапары жакшы натыйжаларга ээ болгондугун белгиледи.

Ал Кыргыз-венгер өнүктүрүү фонду сыяктуу долбоорлор аркылуу да биргелешкен аракеттерди өнүктүрө берүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Ласло Кёвер Венгрия Улуттук Жыйыны эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн өзү тарабынан болгон аракетин жумшай тургандыгын белгиледи.

Ал ошондой эле эпидемиялык кырдаал турукташкандан кийин Кыргызстанга келүү ниети бар экендигин айтып, ошондой эле Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы менен жемиштүү кызматташууга ишеним арта тургандыгын да билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелер жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыгып жатканын баса белгиледи.

Ал саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташуу жигердүү өнүгүп жатканына токтолду.

Сооронбай Жээнбеков өлкөлөрдүн бирдиктүү өз ара аракеттешүүсүн тереңдетүүдө парламенттер аралык кызматташуунун чоң ролун баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия менен бардык багыттар боюнча кызматташууну бекемдөөгө даярдыгын баса белгилеп, расмий визитинин жыйынтыгы конкреттүү натыйжаларды берерине бекем ишенерин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий