• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен жолугушту - фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 04.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргызстанга расмий визит менен келген Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков меймандос кыргыз жергесинде Виктор Орбан менен дагы бир жолу жылуу учурашып, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Саммитине катышканы үчүн ага ыраазычылык билдирди.

Ал Премьер-министр Виктор Орбандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келгени анын кыргыз элине болгон жылуу жана боордоштук мамилесин күбөлөндүрүп турганын белгиледи.

Мамлекет башчысы Венгриянын Премьер-министринин визити эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди бекемдеп, эки тараптуу мамилелердин илгерилешине жаңы дем берерин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Виктор Орбанды анын партиясынын 2018-жылдын апрель айында өткөн парламенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысы Виктор Орбанга мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми Венгрия элине гүлдөп-өнүгүү жана тынчтык каалады.

Венгрия Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстан келүүгө чакыруу үчүн, жылуу кабыл алуу жана визит учурунда ага көрсөтүлөн урмат-сый үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал венгриялык делегация мүчөлөрүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуу чоң кубаныч тартуулаганын белгиледи.

«Бул дипломатиялык мамилелерди орноткондон берки Венгрия Премьер-министринин Кыргызстанга алгачкы визити. Биз эки тараптуу достук мамилелерди тереңдетебиз. Экономика жана маданият тармактарында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн издеп жатабыз. Эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүк бар бардык чөйрөлөргө көңүл бурууга аракет кылабыз», — деп белгиледи Виктор Орбан.

Ал Венгрияда Кыргызстанды билишерин, белгилүү кыргыз жазуучуларынын чыгармалары менен таанышпыз, эмоционалдык жана интеллектуалдык көз караштарыбыз дал келет деди.

Венгриянын Премьер-министри Президент Сооронбай Жээнбековду Венгрияга визит менен келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкө үчүн тең кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө кызматташтыкты жолго салуу тууралуу пикир алмашышты.

Биргелешкен экономикалык комиссия түзүүнү, соода, айыл чарбасы, экология, фармецевтика, инвестиция тартуу, билим берүү жана маданият жааттарындагы мамилелерди терендетүүнү чечтик.

Ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү максатында Венгриянын «Эксимбанкы» Кыргызстан үчүн көлөмү 65 млн АКШ долларына барабар насыя линиясын ачканын баса белгиледи.

Виктор Орбан Кыргызстандык жаштар үчүн Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн стипендия квотасын көбөйтүүгө алар даяр экенин белгиледи. Азыр Венгрияда квота боюнча 25 студент окуп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чет өлкөлүк инвесторлор үчүн Кыргызстанда берилген артыкчылыктар, ишкерлер үчүн берилген бажы жана салык жеңилдиктери тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы жаштар — мамлекеттин келечеги экенин белгилеп, Виктор Орбандын бул чөйрөдө кызматташтык күчөтүү жөнүндө сунушун колдоду.

Сөзүнүн аягында Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга барарын баса белгилөө менен кыргызстандыктар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына венгриялык спортчулардын келгенин абдан жылуу кабыл алышканын айтты.

Эскерте кетсек, Виктор Орбан өзүнүн визитинин алкагында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн Саммитинин жыйынына, ошондой эле «Кырчын» капчыгайында этношаарчанын ачылышына мартабалуу Ардактуу мейман катары катышты.

Пикир

Оставить комментарий