• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Венгриянын премьер-министрин Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды

Президент 0

Бишкек, 29.09.20. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Эки элдин ортосунда көптөгөн жалпылыктар бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Булар — тарыхый жана маданий тыгыз байланыштар», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчысы анын визитинин жыйынтыгы конкретүү натыйжаларды берерине жана бардык багыттагы кызматташууларды бекемдерине үмүт кыла тургандыгын билдирди.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Венгрияда расмий визит менен жүрөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Венгриядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Бакыт Жусупов, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов, каржы министри Бактыгүл Жээнбаева, экономика министри Санжар Муканбетов.

Пикир

Оставить комментарий