• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков вице-премьер Акрам Мадумаровду кабыл алды – эмнени талкуулашты?

Президент 0

Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаровду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыздоо жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар талкууланды.

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги курал колдонулган жаңжалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө маалымат берип, анда жарадар болгон аскер кызматкерлеринин абалы тууралуу айтып берди.

Ал тажик тарап менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кырдаал андан ары күчөп кетпеши үчүн биргелешкен чараларды кабыл алуу зарылдыгы белгиленгенин билдирди.

Ошондой эле Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы селдердин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди. Вице-премьер-министрдин маалыматына ылайык, жаратылыш кырсыктарынан Лейлек району көбүрөөк жапа чеккен, зыяндардын жалпы суммасы 55 млн сомдун тегерегинде.

Акрам Мадумаров жергиликтүү бийлик ишке тартылган мамлекеттик органдар менен биргеликте жапа чеккен райондордогу инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү боюнча иштерди жасап жаткандыгын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү зарылдыгын билдирди. Конструктивдүү сүйлөшүү процесси аркылуу биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуунун маанисин баса белгиледи.

Мындан сырткары, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин тез аранын ичинде жоюуга, өзгөчө кырдаалдарды алдын алууга, табигый кырсыктар көп болуучу аймактардын жашоочуларынын коопсуздугун камсыз кылууга көңүл бурду.

Пикир

Оставить комментарий