• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасында кыргыз-россия көп кырдуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон Сиздин чоң салымыңыз жана көңүл бурууңуз жогору бааланат.

Кыргызстан Россиянын эки элдин ортосундагы өз ара түшүнүшүүгө жана колдоого, кылымдар бою келаткан достук байланыштарына негизделген бекем жана туруктуу союздашы жана өнөктөшү болгон жана боло берет», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Россиянын келечеги үчүн болгон жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди, ал эми көп улуттуу Россия элине болсо тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Пикир

Оставить комментарий