• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Владимир Путинге көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, шахтерлордун каза болгондугуна байланыштуу Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Соликамскидеги шахтада өрт чыгып, кенчилер трагедиялуу каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан каза тапкандардын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», -деп белгиленет Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий