• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жээнбеков врач Жамал Тазабекованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу жакындарына көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын жакындары менен туугандарына көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча медициналык кызматынын врач-ординатору Жамал Тазабекованын коронавирустан каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Акыркы апталарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал курчуп кетти, биздин кайраттуу медициналык кызматкерлерибиздин мойнуна эки эсе жүк түштү. Абдан өкүнүчтүүсү, бул күрөштө биз алардын эң мыктыларынан айрылып жатабыз», - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Жамал Тазабекованын өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин ак кызмат кылып, бейтаптарды дарылап, жалпы душман менен күрөшүүгө баа жеткис салымын кошконун баса белгиледи.

«Жамал Тазабекова өз кесиптештеринин, бейтаптарынын, жакындарынын жана туугандарынын эсинде түбөлүккө калат. Анын жакындарына, туугандарына жана балдарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий