• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков: Ыңгайлуулук жана коопсуздук туристтер үчүн мыкты реклама

Өкмөт 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кечээ, 20-июлда, тиешелүү жооптуу мамлекеттик органдардын жетекчилери менен 2017-жылдагы жайкы эс алуу сезону боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун катышуучулары эс алуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле өлкөнүн туристтик инфраструктурасын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

«Бүгүнкү күндө тоо туризмине карата чет элдиктердин кызыгуусу артууда. Бул табигый таандаштык шарттарын пайда кылат. Буга байланыштуу мамлекеттин милдети – эс алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу. Туристтер үчүн ыңгайлуулук жана коопсуздук мыкты реклама болуп саналат. Өлкөнүн финансылык мүмкүнчүлүктөрү аймактарда туристтик инфраструктураны жакшыртууга жол ачат жана сабаттуу пландоо жана башкаруу зарыл», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм департаментине жегиликтүү бийлик менен туристтик инфраструктураны жакшыртуу боюнча тыгыз иш алып барууну тапшырды.

Премьер-министр Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин реестириндеги маданий-тарыхый комплекстерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

«Туристтик сезон убагында биздин жарандарга жана чет элдик конокторго максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдардын иши системалуу жана туруктуу негизде болушу керек», – деп билдирди Сооронбай Жээнбеков.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Кыргызстандын аймактарындагы туристтик инфраструктураны модернизациялоо боюнча чаралар тууралуу айтып берди. Тарыхый комплекстерди өнүктүрүү менен байланышкан долбоорлор даярдалды. Атап айтканда, ал жайларга барчу унаа жолдорду ремонттоо каралган. Мындан тышкары туристтик маалыматтык жана жол боюндагы борборлорду ачуу пландаштырылууда.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Анын билдирүүсү боюнча, 3миңге жакын ИИМ кызматкерлери курорттук аймактарда коомдук тартипти кайтарууда.

Ысык-Көл облусунун аймагында ИИМ күчтөрүн координациялаган ыкчам штаб иштеп жатат. Жолдордогу кырдаалга өзүнчө көңүл бурулууда. Бишкек-Чолпон-Ата жолунда посттордун дислокациялык схемасы бекитилген. Патрулдук милиция кызматкерлери кызматтык унааларда гана кызмат өтөөдө деп баса белгиледи Ички иштер минисринин орун басары. Жалпысынан Бишкек-Чолпон-Ата унаа жолунда 28 пост, болжол менен 12 чакырым аралыктарда коюлган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин ооруулардын алдын алуу жана экспертиза департаментинин директору Толо Исаков эс алуу жайларында, мейманканаларда жана коомдук тамактануу жайларындагы тамак-аштын сапатын көзөмөлдөө боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Анын сөзүнө караганда департамент кызматкерлери ар дайым мониторинг жүргүзүүдө, эгерде мыйзам бузуу катталса, чаралар кабыл алынат. 2017-жылдын 10-июлуна карата 75% жалпы тамактануу жайлары, соода түйүндөрү, пансионаттар жана эс алуу үйлөрү текшерилди.

Жыйындын соңунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарында туристтик инфраструктураны өнүктүрүү боюнча анын ичинде туристтик маалыматтык жана жол боюндагы борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Андан кийин гана бул долбоорлор Өкмөттүн кароосуна киргизилет.

Аны менен бирге Премьер-министр туристтик объектилердин санитардык абалына көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле эс алуучулардын копсуздугун камсыз кылуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүүнү талап кылды.

Маалымат: 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПдагы туризмдин үлүшү 21 млрд 458 млн сомду түздү же 4,7 %. Туризмден түшкөн салык төлөмдөрүнүн жогорулагандыгы байкалган. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча аталган тармактан респуликалык бюджетке 103,5млн сом түшкөн. Ошондой эле 2015-жылга салыштырмалуу 1,5 млрд сомго туризм чөйрөсүндөгү капиталдык салымдардын көлөмү өскөн.

Пикир

Оставить комментарий