• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков ыктыярчы-студент Адинай Мырзабекованын ата-энеси менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-октябрда, ооруканадагы бейтаптарга ыктыярдуу жардам көрсөтүп, иштеп жүргөндө мезгилсиз каза болгон И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ыктыярчы-студенти Адинай Мырзабекованын ата-энеси менен жолугушту.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, жолугушууга Адинайдын сиңдиси Жанель Мырзабекова да катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз жанын аябай жасаган ыктыярдуу эмгеги жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө кошкон салымы үчүн каза болгондон кийин сыйланган Адинай Мырзабекованын «Эрдик» медалын анын ата-энесине тапшырды.

Буга чейин мамлекет башчысынын Адинай Мырзабекованын үй-бүлөсү менен жолугушуусу үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда болуп өткөн.

Бүгүн баарлашуу учурунда Адинайдын атасы Замирбек Женалиев кызы жөнүндө эскерип, анын үлгүлүү дарыгер болуу кыялы жөнүндө айтып берди. Адинай мектепти «эң мыкты» баалар менен аяктагандан кийин, мыкты көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн бюджеттик бөлүмгө окууга өткөн. Замирбек Женалиев Адинай өзүнүн жогорку окуу жайын — Медициналык академияны абдан жакшы көргөнүн жана ар дайым окуусунда ийгиликке жетүүгө аракет кылганын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков Адинай Мырзабекованын ата-энесине оор жоготууга байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты.

«Сиздердин орду толгус жоготууңуздарды түшүнүп турам, кайрат кылыңыздар. Ушундай эр жүрөк, ак көңүл кызды тарбиялап өстүргөнүңүзгө биз ыраазыбыз. Жараткан Кудай сизге сабыр берсин, бекем ден соолук берсин, кайрат кылыңыздар», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Адинайдын ата-энеси үчүн анын эшиги ар дайым ачык экендигин баса белгилеген Мамлекет башчысы, алар менен тыгыз байланышта болууну каалаганын билдирди.

Адинай Мырзабекованын ата-энеси Президент Сооронбай Жээнбековдон ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын белекке алышты.

Эске салсак, Адинайдын атасы Замирбек Женалиев «Чүй-Сууканал» ишканасында эмгектенет.

Адинайдын энеси Дилбар Молдокулова Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылында Шаботоев атындагы орто мектебинин директорунун орун басары болуп иштейт.

Адинай алардын төрт кызынын экинчиси. Айгерим менен Бегимай — студенттер, Жанель мектепте окуйт.

Пикир

Оставить комментарий