• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков: Ысык-Көл марафону ШКУга катышкан өлкөлөрдүн элдери үчүн жакшы салт

Президент 0

Бишкек,11.05.19./Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков: Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өткөрүлөт жана ал ШКУга катышкан өлкөлөрдүн элдери үчүн жакшы салт жана биримдиктин, достуктун майрамы болуп калат

Бүгүн, 11-майда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында ШКУнун Run the Silk Road Ысык-Көл эл аралык марафону старт алды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун марафондун катышуучуларына Кайрылуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев окуп берди.

Мамлекет башчынын кайрылуусунун тексти:

«Урматтуу мелдештин катышуучулары жана кымбаттуу коноктор!

22-Олимпиада оюндарынын коло медалынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган эл аралык марафонго куш келиңиздер!

Марафон Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында өтүп жатат.

Бүгүнкү эң сонун иш-чарага көптөгөн өлкөлөрдүн курама командаларынын эң күчтүү өкүлдөрү, ошондой эле спорт ышкыбоздору чогулушту.

Спорт адамдарды бириктирет, коомдун өнүгүшү үчүн негиз түзөт. Жыл өткөн сайын бул марафонго катышкан өлкөлөр менен катышуучулардын саны өсүп бара жатканы бизди кубандырат.

Кыргыз Республикасы дене тарбиясын, спортту активдүү колдойт жана өнүктүрөт.

Мындан ары карай Ысык-Көл эл аралык марафону жыл сайын өткөрүлөт жана ал ШКУга катышкан өлкөлөрдүн элдери үчүн жакшы салт жана биримдиктин, достуктун майрамы болуп калат.

Шанхай кызматташтык уюмунун Куньминдеги эл аралык марафону жана 22-Олимпиада оюндарынын коло медалынын эсси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган Ысык-Көл эл аралык марафону бир туугандык байланышта болот деп ишенем.

Мелдештин бардык катышуучуларын ийгиликтүү старттарды жана кубанычтуу фиништерди, командалык бекем рухту жана спорттук жетишкендиктерди каалайм!».

Пикир

Оставить комментарий