• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Ысык-Көл – жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек

Президент 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. “Ысык-Көл – бул бизнес же акча табуунун гана объектиси эмес. Эн оболу ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети, баарыбыз аны сакташыбыз керек!”, - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Ысык-Көл облусуна болгон эки күндүк жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун жашоочулары менен жолугушуусунда. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ал жарандык активисттер жана волонтерлор Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо иштерине активдүү катышып жатканын белгиледи.

“Мен Ысык-Көлүбүзгө аяр мамиле жасоого, экологиясын сактоого өзгөчө көңүл бурууга баарыңыздарды чакырып кетет элем! Ооба, туризм тармагында жергиликтүү эл нанын таап, оокатын кылып жатат. Бирок Ысык-Көл эң оболу бизнес же акча табуунун объектиси эмес, ал биздин жерибиздин баа жеткис бермети экенин унутпашыбыз керек! Ошондуктан, эң биринчи кезекте жергиликтүү эл, андан кийин туристтер – бардыгыбыз Ысык-Көлдүн экологиялык абалына кайдыгер карабай, аны сактоого болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек!”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Муну менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков туризмди өнүктүрүү тармагында инфраструктураны өнүктүрүүнүн, жолдорду куруунун, сервис жана тейлөөнү жакшыртуунун маанисин дагы белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий