• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Ысык-Көлдө «КР ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести

Президент 0

Бишкек, 04.05.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо» долбоорунун тушоосун кести. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

“Кыргыз Республикасынын ирригация системасын реконструкциялоо” долбоорун ишке ашыруу максатында 6 суу чарба объекттерин куруу үчүн Кытай Эл Республикасы тарабынан грант катары бөлүнгөн 32 млн АКШ доллары багытталат.

Долбоордун алкагында Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Чүй облустарында суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо каралган.

Алар эксплуатацияга киргизилгенден кийин 5410 гектар өздөштүрүлө элек жерге суу жеткирилип, 22100 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Долбоорду ишке ашыруу жалпысынан республика боюнча 40 миң айыл жашоочусун жумуш менен камсыздайт.

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң каналынын реконструкциялоо долбоору 2017-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын ирригация системасын өнүктүрүү программасынын суу чарба объекттеринин тизмесине кирген.

Мамлекет башчысы Тоң районундагы Ак-Өлөң каналын реконструкциялоо долбоорунун алкагындагы башкы суу алуучу курулма, 16,5 км магистралдык канал жана 11,2 км ички чарбалык каналдардын курулушу менен таанышты.

“Башкы суу алуучу курулманы жана Ак-Өлөң магистралдык каналды реконструкциялоо” долбоорунун курулушунун жыйынтыгында 516 гектар дың жер өздөштүрүлүп, 3565 гектар жерди суу менен камсыз кылуу жакшыртылат.

Жалпы наркы 500 млн сомго жакын долбоорду 2021-жылга чейин бүтүрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий