• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-июль күнү президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакубаттык жана мындан аркы ийгиликтерди каалаган.

Сүйлөшүү учурунда Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, достукту жана ынак кошуналык мамилелерди бекемдөөгө кошкон олуттуу салымы белгиленген.

Ошондой эле мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын абалын жана келечегин талкуулап, өз ара аракеттешүүнүн бардык багыттары боюнча кыргыз-өзбек мамилелеринин ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий