• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта, Кыргызстанга иш сапар менен келген Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, анын ичинде чек ара, энергетика, аймактар жана парламенттер аралык кызматташуу маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек кызматташтыгын тереңдетүү өлкөнүн тышкы саясаты үчүн дайыма артыкчылыктуу багыт катары караларын билдирди.

Президент бардык тиешелүү маселелер өз ара пайдалуу шарттарда чечилүүсү керектигин баса белгилеп, Өзбекстан менен эки тараптуу гана эмес, көп тараптуу кызматташууга да кызыкдар экендигин билдирди.

Ошондой эле президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча тараптардын ишин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан жана Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы кызматташуусун мындан ары тереңдетүүнүн маанисин белгиледи.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин саламын айтып, эки мамлекет башчыларынын жасаган аракеттеринин натыйжасында эки өлкөнүн мамилелери жаңы, сапаттуу деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык мамилелерде алгылыктуу өсүү болгонун баса белгиледи.

Абдулла Арипов президенттер тарабынан белгиленген эки өлкө ортосундагы бардык маселелер, анын ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүн 1 млрд АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча да өкмөттүк деңгээлде иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Ошондой эле ал, Сооронбай Жээнбековду Кыргызстандын Шанхай Кызматташтык Уюмундагы ийгиликтүү төрагалыгы менен куттуктап, Кыргызстандын жетекчилигинин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоодогу жемиштүү ишин, өзгөчө аймактарды өнүктүрүү боюнча демилгелерин белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий