• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу — оңой чечим болгон жок

Президент 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу – оңой чечим болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мамлекет башчысынын пикиринде, жарандардын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештердин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды.

"Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат. Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан, ушул чечимге бардым. Мындай чечим кабыл албасак, бул кесепеттин терс таасири узак убакытка чейин тийиши мүмкүн. Өлкөнүн келечегине абдан катуу доо кетирип алабыз. Оору жугузгандардын саны азая баштаган учурга жете элекпиз", - деген президент, муну дагы бир ирет кайталайм, деп баса белгиледи.

"Коңшу мамлекеттерде жана бизге союздаш — карым катышыбыз тыгыз өлкөлөр да өздөрүнүн аймагында өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартып жатышат. Азыркы кырдаал боюнча Штабдын жетекчилеринен так маалымат алып, алардын сунуштарын уктум. Бул татаал учурдан чыгуунун жолдорун Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр жана фракциялардын лидерлери менен чогуу талкууладык. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана кесипкөй адистер менен кеңештим. Медициналык талаптардын сакталышы жана өз ара карым-катыш, байланыштардын кескин чектелүүсү — учурдагы кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн туура кадам болгонун баары белгилешти", - деп кошумчалады Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий