• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовду кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-мартта, өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовду кабыл алды.

Жаз-жай мезгилинде калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Нурболот Мирзахмедов өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу алкагында жасалган иштер жана болжолдонгон иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.

Анын маалыматы боюнча, жер көчкү коркунучу бар жерлерде азыр 4 миңге чукул адам жашайт. 1200гө чукул жерлерде сел коркунучу бар. Коркунучтуу аймактардан калкты убактылуу жана туруктуу жашай турган жерлерге көчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Каналдар тазаланып, дайралардын жээктери бекемделүүдө.

Мамлекет башчысы ар түрдүү жаратылыш кырсыктарын болтурбоо жана алардын кесепеттерин азайтуу үчүн алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүүнүн маанилүү экенин белгиледи. Ал сел жана жер көчкү коркунучу бар жерлерден калкты коопсуз аймактарга убактылуу көчүрүү мүмкүнчүлүктөрүн кароону сунуш кылды.

«Өзгөчө кырдаалдар коркунучтары жана коопсуздук эрежелерин сактоо тууралуу элге кеңири маалымат жеткирүү мамлекеттик органдардын ишинин маанилүү багыттарынын бири. Бул иш жаратылыш жана техногендик капсалаңдардын кесепеттерин азайтууга, биринчи кезекте адамдардын курман болуусуна жол бербөөгө, материалдык чыгымдарды азайтууга багытталышы керек», — деп белгиледи Президент жана мындай иш-чаралар республиканын бардык региондорунда текши жүргүзүлүшү зарыл экенин баса көрсөттү.

Мындан тышкары, Президент Сооронбай Жээнбеков өрт коопсуздугун камсыз кылуу, аба-ырайынын шарттарын мониторинг жасап жана талдап туруу, дамбаларды жана дайра жээктерин бекемдөө, селдердин жана жер көчкүлөрдүн алдын алуу, калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий