• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Жакында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлат

Президент 0

Бишкек 05.09.20. /Кабар/. Жакында өлкөнүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган маданий, тарбиялык, патриоттук иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Жарлыкка кол коюлат.

Бул туурасында бүгүн, 5-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Коомдук телерадио корпорациясынын «Биринчи радиосуна» берген кезектеги маегинде белгиледи.

«Кудай буйруса, азыркы илдетти жеңсек, жалпы элибиз менен өлкөбүздүн Көз карандысыздыгынын 30 жылдыгын чоң сыймык менен белгилейбиз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Бул өзгөчө маанилүү датага даярдыктар эмитен башталып жатканын кошумчалады.

«Буюрса, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы Туткучев дагы чыгып ырдаса, айтып кетер ошол жетишкендиктерди», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Мамлекет башчысы «Биринчи радионун» суроолоруна жооп берип жатып, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 29 жылдыгын майрамдоодогу төкмө акын Аалы Туткучевдин ырына комментарий берип, анын ыры жүргүзүп жаткан саясатын элге дагы жакындатканын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий