• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жээнбеков: Жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз

Президент 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдында интернат тибиндеги балдар мекемелери системасын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлөт. Анын курамына коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекова менен жолугушуусунун жыйынтыгы ушундай болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы балдардын үй-бүлөдө чоңоюу укугун камсыз кылуунун маанилүү экенин, анткени татыктуу адамды жана жаранды бала ата-энесинин жана жакындарынын камкордугуна, мээримине бөлөнгөн үй-бүлөдө гана тарбиялоо мүмкүн экенин баса белгиледи.

Назгүл Турдубекова үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча 10 жылдык Улуттук программаны колдогону үчүн Мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди. Бул документ Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн премьер-министри болуп турганда кабыл алынган.

«Бул программа Кыргызстан үчүн абдан пайдалуу болооруна ишенебиз. Биздин республикада жетим балдардын көйгөйлөрү жана аларды балдар үйлөрүндө жана интернаттарда багуу маселеси өтө курч бойдон калууда. Күн сайын мамлекеттик жана жеке менчик интернат тибиндеги жаңы балдар үйлөрү ачылып, коррупциялык схемалардын пайда болуусуна жол берилүүдө», — деди Назгүл Турдубекова.

Президент региондорду өнүктүрүү — бул калктын турмуш деңгээлин, экономиканы көтөрүү, көпүрөлөрдү, жолдорду жана социалдык объектилерди куруу эле эмес экенин, алдыдагы асыл максаттарга жетүү үчүн биринчи кезекте руханий көрөңгөбүздү байытып, коомду мобилизациялашыбыз керек экенин белгиледи.

«Биз балдар үйлөрүндөгү жана интернаттардагы таштанды балдарга, ошондой эле жакындары карылар үйүнө таштап кеткен улгайган адамдарга байланыштуу кырдаалды терең иликтейбиз. Региондордогу жетекчилер өз облустарын жана райондорун өнүктүрүүнү гана ойлобостон, калктын аярлуу катмарын коргоп, наристелерди жана карыяларды үй-бүлөлөрүнө кайтарышы керек. Деги эле кыргыз эли эч убакта өз балдарын жана ата-энелерин таштаган эмес. Тескерисинче, чоң жоопкерчилик менен аларга камкордук көргөн. Биздин эң башкы милдеттерибиздин бири — бул ар бир баланын өз үй-бүлөсүндө чоңоюп, тарбияланышына жетишүү», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы «Баланын укуктарын коргоочулар Лигасы» коомдук уюмунун директору Назгүл Турдубекованы балдар үйлөрү системасын реформалоо маселесин кеңири талкуулоо үчүн кабыл алды.

Мурда кабарлангандай, Назгүл Турдубекова бул маселени Президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн жарандык коомунун өкүлдөрү менен 2018-жылдын 19-июлунда өткөн жолугушуусунда айткан эле.

Пикир

Оставить комментарий