• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Жакынкы убакта чек ара кызматындагы коррупциялык далилдер ачыкка чыгарылат

Өкмөт 0

Бишкек, 11-июль /Кабар/. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-июлда, Кыргызстандын чек ара көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишин жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү. Анда Өкмөт башчы тийиштүү кызматтын ишин катуу сынга алды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

«Чет элдик туристтерден чек арачылар тарабынан кабыл алуудагы кемчиликтерден көптөгөн арыз-даттануулар келип түшүүдө.

Азыркы учурда тилекке каршы түз далилдер жетишсиз, бирок жакында анын баары ачыкка чыгарылат. Бул өлкөнүн имиджине терс таасирин тийгизүүдө. Айрыкча чет элдик туристтерде чек араны кесип өткөн учурда биринчи эле терс таасир калтырууда», - деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, чек ара кызматкерлеринин коррупциялык ишмердүүлүгү системалуу мүнөзгө ээ жана элдин Өкмөткө карата ишенимин жокко чыгарууда.Буга байланыштуу Сооронбай Жээнбеков чек арада коррупция менен күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Ал кеңешменин катышуучуларына эскерткендей, бардык чет өлкөлөрдөгүдөй көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишинин коопсуздугун, ачыктыгын жана сапатын камсыз кылуу Өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев маалымдагандай, ведомство өздүк курамдын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча зарыл чараларды кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Дүйшенбек Чоткараев маалымдагандай, чек ара кызматында өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгында төрт ири коррупциялык аймак аныкталган. Бул багытта иштер жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде өз ишин так аткарбаган кызматкерлер аныкталып жазага тартылууда. Чек арадан өтүүдө бирдиктүү автоматташтырылган системанын киргизилиши коррупцияны кыскартууга жардам берет. Бүгүнкү күндө аталган система «Манас» жана «Ош» эл аралык аба майданында тесттик режимде иштеп жатат.

Кеңешменин жыйынтыгында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков дагы бир ирет чек ара кызматындагы үмүттү актабаган кызматкерлерге катуу жаза чараларын кабыл алуу керектигин эскертти. Бардык мамлекеттик органдар мамлекеттик чек арадан өтүүдөгү шарттарды максималдуу жакшыртуу зарылдыгы белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий