• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды

Өкмөт 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алыш күндөрү Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы сапардын жүрүшүндө Ноокен районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы бир катар айыл чарба объектилеринин жана ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Атап айтканда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ноокен районундагы «Келечек» каналынын пайдаланууга тапшыруу иш чарасына катышты. Ноокен айыл аймагындагы «Ноокен» айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагындагы жаңы бала бакчанын ачылышына катышты жана Жалал-Абад облустук ооруканасынын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Пикир

Оставить комментарий