• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков Жалал-Абад облусундагы бир катар объекттердин ишмердүүлүгү менен таанышты

Өкмөт 0


Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өткөн дем алышта Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагыда Жалал-Абад шаарындагы жана Ноокен районундагы бир катар ишканалар жана айыл чарба объекттеринин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Ноокен айыл аймагында «Ноокен» пахта чыгарган айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгүн көрдү.

Аталган кооперативдин башчысы Талантбек Камытов түшүм жыйноо, анын сапаты жана көлөмү тууралуу толук маалымат берди. Кооператив 1995-жылы түзүлгөн. Азыркы тапта кооперативде 1100 адам жумуш менен камсыз болуп, 650 гектар жерге пахта жана буудай өстүрүү менен иш алып барат.

Сооронбай Жээнбеков Ноокен району айыл чарба продукциясынан пахта өстүрүү аркылуу чоң тажрыйбасы бар район катары белгилүү экенин билдирди. Аны менен бирге ал айыл чарба азыктарын башка түрүн, мисалы мөмө жана жер жемиштерди өстүрүүнү карап чыгууну сунуштады. Кыргызстандын ЕАЭБ мүчө болушу менен ата мекендик азыктарды миллиондогон калкы бар рынокко чыгарууга жол ачылды.

Премьер-министр эскерткендей, Өкмөт дыйкандарды заманбап агротехникалар менен камсыз кылууга болгон күч аракетти жумшоодо. Ошондой эле атамекендик фермерлер менен дыйкандарга жеңилдетилген насыялар жана лизингге техника берилүүдө. Үстүбүздөгү жылдын башынан бери берилген жеңилдетилген насыялардын суммасы 2 млрд. 874 млн. 95 миң сом, 7миң 288 кардарга берилген. Жыл аягына чейин бул сумма 7 млрд. сомго жеткирилет.

Таанышуунун жүрүшүндө Талантбек Камытов Өкмөткө пахтаны кайра иштетүүчү заводду ишке киргизүүгө жеңилдетилген насыя берүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Мунун менен бир катар маселелер анын ичинде жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу көйгөйү чечилет. Өкмөт башчы аталган маселе чечилерин билдирди.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Ноокен районунун Ноокен айылындагы күнөскана чарбасынын иши менен таанышты. Анда помидор жана цитрус өсүмдүктөрүнүн түрлөрү өстүрүлөт.

Күнөскана ээси Салыжан Закиров билдиргендей, күнөскана 2012-жылы курулган, өндүрүлгөн продукциялар жергиликтүү базарга чыгарылууда.

«Мындай күнөсканалар өлкөнүн башка аймактарында дагы ачылууда, муну менен биз үй бүлөлүк чарбаны кеңейтип жатабыз. Келечекте өстүргөн продукцияларды башка өлкөлөргө экспорттоону пландаштырып жатабыз», – деп билдирди фермер.

Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарын ушундай анча чоң эмес ишканаларды ачкан ишкерлерди колдоо менен ар кандай жардам көрсөтүүгө чакырды.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы «Жалал-Абад Таттусу» ишканасынын филиалы «Келечек» ЖАК ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган филиал айнек идиштеги минералдык суу чыгарат. Өндүрүштүн кубаттуулугу саатына 3000 бөтөлкөгө жетет.

Премьер-министр ошондой эле «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАК ишканасына барды. Компаниянын жетекчиси Динмухаммед Касымбеков маалымдагандай, ишкана нефтиден нефтепродукцияларын өндүрүү жана башка сырьену кайра иштетүү менен алектенет

Азыркы учурда ишкана үч түрдүү продукция чыгарууда: бензин, дизель, мазут. Мындан тышкары продукциялардын түрлөрүнүн санын көбөйтүү атап айтканда, техникалык жана мотор майлары, жол битуму жана кокса өндүрүү боюнча иш чараларды жүргүзүүдө. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 500миң тонна нефтини кайра иштетет. Келечекте ишкананы өнүктүрүүдө компаниянын жакынкы мезгилге уюштуруу-техникалык стратегиясы иштелип чыкты. Анын алкагында заводду модернизациялоо пландаштырылууда. Аталган чаралар продукцияларды эл аралык стандарттарга ылайыктоого багытталган. Буга байланыштуу Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ишкананы модернизациялоонун алкагында өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүнү, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарын күйүүчү-майлоочу май менен толук көлөмдө камсыздоону сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий