• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жээнбеков жана Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчага барышты

ДКО 2018 0

Бишкек, 03.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан «Кырчын» жайлоосундагы этношаарчанын ачылыш аземине катышышты.

Ачылыш аземи «Улуу Ордонун» сахнасында «Көчмөндөрдүн алтын доору» аттуу театрлаштырылган оюн-зооктон башталды. «Улуу Ордонун» жасалгаланган сахнасында кыргыздардын тарыхы жана улуттук салт-санаасы жөнүндө баяндаган театрлаштырылган оюн коюлду.

Оюн аяктагандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөдү.

Ал көчмөндөрдүн мурасын жана көчмөн рухун сактап калган Кыргызстанда сыймыктуу жана кубанычтуу окуялар болуп жатканын белгиледи.

«Кечээ Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземин өткөрдүк. Бул аземге боордош, бир тууган мамлекеттердин башчылары, өкмөт жетекчилери катышты. Элүүдөн ашык мамлекеттерден ардактуу коноктор келишти. Алыскы Европада турса да, түбү көчмөн, теги биз менен боордош экенин унутпай, бизди тууган тутуп келген Венгриянын Премьер-министри урматуу Виктор Орбан мырза менин жанымда турат. Көчмөн турмушун, көчмөн маданиятын жакындан көрүш үчүн ал атайын „Кырчын“ жайлоосуна келди», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана бардык кыргызстандыктардын атынан ага ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарга кайрылып, алар дүйнө жүзү көнүл буруп, кызыгуу менен карап жаткан окуялардын катышуучусу болуп жатышканын белгиледи.

Бүгүн Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын Президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевдин, Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын катышуусу менен Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Саммитинин мамлекет башчыларынын жыйыны өткөнүн белгиледи.

«Чолпон-Ата шаары түрк мамлекеттеринин жыйынынын, түрк дүйнөсүнүн борбору болуп калды. Биз кызматташуу жана достуктун көп маселелерин талкууладык. Көчмөндөрдүн оюндарын, маданиятын, жашоо образын жүздөн ашык маалымат каражаттары жер шарынын булуӊ-бурчундагы көрүүчүлөргө жеткирип жатышат. Биз Көчмөдөр оюндарын үчүнчү жолу откөрүп жатабыз жана бүт дүйнөгө атагын чыгардык. Көчмөн цивилизациясын андан ары жайылтуунун максатында биз оюндарды өткөрүү укугун Түркияга өткөрүп бердик. Түркия элине жана анын Президенти Режеп Тайип Эрдоганга колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал бардык кыргызстандыктардын атынан бул иш-чаралардын уюштуруучуларына жогорку жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгеги бааланарын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерге бакубатчылык, ал эми Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков жана Виктор Орбан бардык облустар көрсөткөн 1000 боз үй тигилген «Кырчын» этношаарчасы менен таанышып чыгышты.

Белгилей кетсек, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга кечээ, 2-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу менен келген.

Визиттин алкагында Венгриянын Премьер-министри ардактуу мейман катары Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин Саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышты.

Эртең, 4-сентябрда Президент Сооронбай Жээнбековдун Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен анын расмий визитинин алкагында жолугушуусу болот.

Пикир

Оставить комментарий