• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков жана Путин Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барышты

Коом 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн, 28-мартта президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы үй-музейге барышты.

Президенттер жазуучунун үй-бүлөсү менен маектешти, Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов аларга музей жөнүндө, атасынын өмүр жолу жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков жана президент Владимир Путин үй-музейди жана андагы экспонаттарды көрүп чыгышты, ошондой эле эстелик жазуулар Китебине өз каалоолорун жазышты.

Пикир

Оставить комментарий