• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жээнбеков: Жарандардын чиновниктер менен түз контакттары жокко эсе болушу керек

Президент 0

Бишкек, 27.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-октябрда ачууга даярдалып жаткан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборуна барып, анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Борбордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат беришти. Чүй областы боюнча Ички иштер Башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов документтерди берүү процесси кандай жүрөөрү, жарандарды тейлөө тартиби жана көрсөтүлө турган кызматтардын түрлөрү жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, борбордо төлөмдөрдү кабыл алуу пункттары жана электрондук кезек аппараты орнотулган. Күнүгө справка алуу максатында ИИМге 400дөн 700гө чейин адам кайрылат.

КР ИИМнин Мамлекеттик кызмат көрсөтүү борбору өлкөнүн ички иштер органдарын реформалоо алкагында Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ачылды. “Бирдиктүү терезе” принциби киргизилип, эми жарандар зарыл документтерин чогултуу үчүн бир канча инстанцияларга кайрылып убара тартпайт. Системанын киргизилиши менен справкаларды алуу тартиби кыйла жөнөкөйлөшүп, аларды берүү мөөнөтү кыскарат. Система ошондой эле мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө коррупцияны жоюуга өбөлгө болот.

Справкаларды жана документтерди алуудагы көп сааттык кезек күтүүлөр жоюлары дагы белгиленди.

Борборду карап чыгып, Президент Сооронбай Жээнбеков жарандардын бийликке болгон ишенимин жогорулатуу үчүн бул системаны бүт республика боюнча киргизүү керектигин белгиледи.

«Жарандардын чиновниктер менен түз контакттары жокко эсе болушу керек. Справкага келген кишиге кээде мамлекеттик кызматкер жакшы мамиле жасабайт, колунан келип турса дагы атайын убакытты созуп, же ордунда жок болуп, кызматын так аткарбайт. Натыйжада адамдар бир нече саат кезекте турушуп, нааразычылыктар жаралчу. Мындай борборлордун пайда болушу менен көп сааттык кезек күтүү көйгөйү чечилет. Эми мындай борборлорду бүт өлкө боюнча ачып, жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды өз маалында алууга шарт түзүш керек», - деп белгиледи Мам лекет башчысы.

Маалымдама:

КР ИИМдин Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борбору адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылганы-тартылбаганы, өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу справкаларды; апостилди; кооптуу жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын; автомобиль транспорту менен кооптуу жүк ташыганга уруксат кагаздарды; жарандык жана кызматтык курал-жаракты, кооптуу жардыргыч материалдарды жана пиротехникалык буюмдарды кабыл алууга жана берүүгө лицензияларды жана уруксат кагаздарын берүү кызматтарын көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий