• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жээнбеков: Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек

Президент 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде өлкөнүн Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева менен жолукту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзамдуу жана адилеттүү сот жүргүзүү, өлкөдө укук жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууну күчөтүү аркылуу жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо боюнча иштерде Жогорку соттун ролун жана ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Мамлекет башчысы сот системасындагы коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу боюнча маселелерге көңүл бурду.

Ал жарандар арасында социалдык сурамжылоолордун жыйынтыктары боюнча сот бийлигинин органдары Кыргызстандагы эң коррупциялашкан органдарга кошулганын белгиледи.

«Жарандардын мыйзамдарга жана сот адилеттигине болгон ишенимин калыбына келтирүү керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук мамлекет катары көрсөтө алат», - деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы мамлекеттик органдардын, анын ичинде сот органдарынын негизги милдети – бул укуктун үстөмдүгүн камсыздоо жана жарандардын кызыкчылыктарын коргоо экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий