• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков жарандык сектор өкүлдөрүн реформаларды алга жылдырууга катышууга чакырды

Президент 0

Бишкек, 19.07.18. /Кабар/. «Мен бүгүнкү жолугушууга канааттандым. Ар кандай пикирлерди жана маселелерди жана көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун уктум. Көп идеялар жана сунуштар айтылды. Биз мындан ары да алардын үстүндө сиздер менен чогуу иштейбиз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушууну жыйынтыктап. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучулары мындан ары мамлекеттик органдардын алдында турган реформаларды жана милдеттерди ишке ашыруу боюнча иштеп жаткан жумушчу жана эксперттик топтордун иштерине тартыла турганын баса белгиледи.

Президент сот жана укук коргоо органдарын реформалоо, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу, ишкерлердин укуктарын коргоо, экология проблемалары ж. б. сыяктуу иш жүзүндө мамлекет турмушунун бардык чөйрөлөрүнө тийешеси бар суроолорго жооп берди.

Маектешүү учурунда Президент «Баланын укуктарын коргоо лигасы» ачык коомунун жетекчиси Назгүл Турдубековага өлкөдөгү балдар интернаттарын реформалоо боюнча конкреттүү сунуш киргизүүнү сунуштады. Анын сунушунун негизинде мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгын реформалоо маселесин көтөргөн Саясий-укуктук изилдөөлөр борборунун директору Тамерлан Ибраимовго ушул маселе боюнча жумушчу тобун жетектөө сунуш кылынды.

«Алейне» экологиялык кыймылынын жетекчиси Эмил Шукуров жана теолог Кадыр Маликов жолугушууда өздөрү көтөргөн экологияны сактоо жана өлкөдөгү диний кырдаал боюнча маселелерди кеңири талкуулоо үчүн Мамлекет башчысы менен жекече жолугушууга чакырылышты.

Оозеки суроолордон тышкары жазуу жүзүндө да көп сандагы кайрылуулар келип түштү. Алар Президенттин Аппаратынын тийиштүү бөлүмдөрүнө берилип, ар бир кайрылууда камтылган маселелер боюнча иш жүргүзүлөт.

Жолугушууда башка маселелер менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин мамлекеттик каржылоо тууралуу пикирин ортого салды. «Азырынча биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү, бирок, биз мунун үстүндө ойлонушубуз керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарандык сектор өкүлдөрү (40 адам) менен жолугушуусу 4 сааттан ашык созулду.

Жолугушуунун аягында эстеликке сүрөткө түшүү болду.

Пикир

Оставить комментарий