• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков жарандык сектордун өкүлдөрү менен жолугушат

Президент 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков эртең, 19-июлда өлкөнүн жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууга 30дан ашык өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана коомдук активисттер чакырылган.

Жарандык сектор өкүлдөрү менен Мамлекет башчысынын диалогунун алкагында мамлекеттин турмушуна жана мамлекеттик органдар менен жарандык сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүгө тиешелүү маселелер боюнча пикир алмашуу болот.

Пикир

Оставить комментарий