• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жээнбеков: Жаш кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат

Президент 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. «Жаш, келечеги кең кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу практикасы улантылат», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, Бишкек шаарында республика жаштарынын конгрессинин ачылышында.

Элзар Тилебалды уулу тартуулаган «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен таанышып чыгып, Президент мамлекет башкаруучулардын улуттук мектебин калыптандыруу максатын коюп жаткандыгын белгилеп, бир кезде «100 менеджер» кыймылы түзүлгөн Япониянын тажрыйбасын мисалга келтирди.

«Билимдүү, иштерман, жаңы көз караштардагы жаш адамдар бул өлкөнүн экономикасын көтөрүүдө өзгөчө роль ойногон. Улуттук кадрдык, менеджерлик корпуста жаштардын катары калың болушу керек», — деп белгилеп, Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматы Улуттук кадрлардын резервин түзүүнүн алгачкы этабын аяктагандыгын эске салды.

Конкурска катышкан 715 адамдын ичинен 35 адам кадрлар резервине өттү. Алардын ичинен экөө — Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы жана Бишкек шаарын Өнүктүрүү агенттигинин директору болуп жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалган.

Мамлекет башчысы «Башкаруучулардын улуттук корпусу» долбоору менен Мамлекеттик кадр кызматы кызматташуусу керектигин баса белгиледи.

Президент менен жолугушууда бул долбоордон тышкары Тилек Токтогазиев, Назгуль Акылбек кызы, Эрмек Адылбеков жана Наргиза Эркебекова айыл чарбасында жаңы инновацияларды ишке киргизүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын кайрылууларынын негизинде онлайн карталарды түзүү, региондордо экологияны сактоо жана социалдык ишкердикти өнүктүрүү боюнча «Ачык асман» демилгеси боюнча өз долбоорлору менен тааныштырышты.

Мамлекет башчысы өлкөнүн баардык облустарынын жаштарынын башын бириктирген бул форматтагы жолугушуу позитивдүү ой-пикирлердин, конкреттүү сунуштардын, жигердүү аракеттин аянтчасы болуп калат деп ишенимин билдирди. Ал 10-ноябрда белгиленген Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнү менен конгресстин катышуучуларын куттуктады.

«Жаштар — өлкөнү жаңылоонун, өнүктүрүүнүн негизги кыймылдаткычы. Жаштарга таянган, аларга ишенип, прогрессивдүү күч катары баалаган өлкө гана бакубат келечек кура алат», -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

«Биздин милдет — жаштарды өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган реалдуу инновациялык долбоорлорду ишке ашырууга тартуу. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө аларга ишеним артып, таяна билүү, муундар ортосундагы биримдикти жана байланышты бекемдөө. Биздин жаштар дүйнөлүк илимге, инновациялык ойлонууга, маданияттын мыкты үлгүлөрүнө каныккан, өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти мойнуна алган инсандар болушу керек», — деп баса белгиледи Президент.

Тартууланган долбоорлор жөнүндө сөз кылып жатып, Сооронбай Жээнбеков жаштардын демилгелери менен канааттанганын билдирип, мамлекетти өнүктүрүүгө багытталган ушул жана башка долбоорлорду, өлкөнүн жаштар тарабынан көтөрүлгөн идеяларды, колдоого мамлекет даяр экендигин белгиледи.

Ал өлкөнү, аймактарды өнүктүрүүгө, айыл ишкерлерине анын ичинде жаш ишкерлерге көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу кенен токтолду.

«Ош шаарынын тургундарынын онлайн кайрылуу картасы» долбоору туурасында кеп кылып келип, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө ишке ашырылып жаткан «Түндүк» долбоору жөнүндө эске салды. Ал долбоордун алкагында министрликтердин жана ведомстволордун мамлекеттик кызматтары бир электрондук системага бириктирилип жана бири-бири менен тыгыз кызматташтыкта болоорун белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ачык асман» экологиялык долбоорун колдоп, Кыргызстандын келечеги экологиялык таза, органикалык азык-түлүктү өндүрүүдө экенин эске алып, экологияны сактоого кылдат мамиле жасоо зарыл деп белгиледи.

Ошондой эле ал мамлекет ишкердиктин баардык түрлөрүн, анын ичинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бизнес демилгелерин колдоону максат кылган социалдык ишкердикти колдой турганын, жаңы ишканаларды ачууга, айрыкча региондордо ачууга көмөк көрсөтөөрүн белгиледи.

«Биз бүгүн тартууланган беш долбоорду тең колдойбуз жана аны алдыга жылдырууга ар тараптуу көмөктөшүүгө даярбыз. Бул долбоорлор силердин өлкө тагдырына, келечегине болгон кайдыгер эмес мамилеңердин, позицияңардын далили. Жаштардан биз жаӊы идеяларды күтөбүз, ал идеяларды турмушка ашырууда сөзсүз көмөк көрсөтөбүз», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков жана жаштарга демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууну каалады.

Пикир

Оставить комментарий