• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: Жер казынасын пайдалануу тармагында 8 жылда коррупция боюнча 100гө жакын кылмыш иши козголгон

Президент 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Кыргызстанда жер казынасын пайдалануу тармагында 8 жылдын ичинде коррупция боюнча жүзгө жакын кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Ошондой эле мамлекет башчысы кылмыш иштеринин катышуучусу болгон жер казына чөйрөсүндө иш алып барган беш мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине да өзгөчө көңүл бурду. Анын айтуусунда көп учурда мыйзам бузуулар мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, бир нече топтун кызыкчылыгын көздөп “алтын сертификаттарды” берүүдө келип чыгат.

“Алтын чалгындоо иштерине уруксат берүүчү лицензиялар берилгенде мамлекеттин жана калктын кызыкчылыктары эске алынбайт. Ал жакта кичинекей бир топтун кызыкчылыктары сакталат. Лицензияларды алып, көп жылдар бою жерлерди колдонбой, кийин лицензияларды кайра сатышат. Бул чөйрөдө иштегендер алып-сатуу кандай жүрөөрүн жакшы билишет. Мындайды токтотуу керек”, - деп баса белгиледи президент.

Коопсуздук кеңешинин отуруму Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.

Күн тартибинде «Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» маселе.

Пикир

Оставить комментарий