• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө: Кимиңер эмне кылып жатканыңар тууралуу бизде маалыматтар бар

Президент 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Курулушка уруксат берүү жол-жоболорунун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия жерлерде коррупцияны жаратып жатат, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасы: Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог" аттуу конференциянын жүрүшүндө.

Ал инвестор, бизнесмендерге архитектура, энергетиктерден уруксат алуу боюнча тоскоолдуктар көп деп билдирди.

"Президенттин аныктаган багыты, колдоосу, өкмөттүн буйругу, токтому турса да бут тосуп, ишин баштай элек инвестордон пайда үмүт этесиңер. Иштейм дегендерге шарт түзүүнүн ордуна, тескерисинче, тоскоол болуп жатасыӊар. Кимиңер эмне кылып жатканыңар тууралуу бизде анализ, маалыматтар бар", - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчысы кошумчалагандай, бешинчи, өнөр жайды өнүктүрүү программасынын жоктугу- аймактарда өндүрүштү жайгаштырууга жана региондорго инвестицияларды тартууга кедерги болуп жатат.

"Региондогу ишкерлердин инвестициялык долбоорлорун тандоонун, аларга артыкчылык берүүнүн жана каржылоонун так критерийлери жок. Жергиликтүү калк менен инвесторлордун ортосундагы локалдуу чыр-чатактар өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу аянтчасынын жоктугун айгинелейт. Бул көйгөй тиешелүү мамлекеттик комитет менен жергиликтүү бийликтин байланышы жок, эл менен тыгыз иштебегендиктен чыгып жатат", - деп, бул чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү төмөндөтөт деп кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий