• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жээнбеков жергиликтүү бийликтин ишин баалоодогу негизги талаптарды атады

Президент 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун жашоочулары менен жолугушуусунда жергиликтүү бийликтин ишин баалоодогу негизги талаптарды атады.

Ал жергиликтүү бийликтин ишин баалоодогу негизги критерийлер катары таза суу менен камсыздоо долбоорун ишке ашыруу, ирригацияны өнүктүрүү, социалдык объектилерди санариптештирүү, инвестицияларды тартуу, жумуш орундарын түзүүнү атады.

Мындан тышкары, сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында сот, укук коргоо, прокуратура органдарына жардам берип, тиешелүү аракеттерди көрүү керектигин айтты.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, жергиликтүү курулуш жана архитектура башкармалыктары, Мамкаттоо кызматтарындагы коррупциялык көрүнүштөргө эл тарабынан нааразылыктар көп болуп жатат. Мындай көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш жүргүзүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле Мамлекет башчысы аймактардагы тың иштеген облус жетекчилиги, акимдер чет жакта эмгектенип жаткан мекендештерди мобилизациялап, фонддорду түзүп, алардын берген жардамын туура иштерге багыттап жатышканын эске салды.

“Мен чет өлкөлөргө иш сапарларга чыкканда мекендештер менен болгон жолугушууларда алар айылдарына жардам бергилери келгенин, бирок жолун билишпегенин айтышат. Мына ушуларды мобилизация кылышыңар керек. Фонддорду натыйжалуу иштетүү үчүн мекендештерибиз менен түз жана тыгыз байланышта болуу зарыл”, - деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков мамлекет тарабынан аймактарды өнүктүрүү үчүн керектүү шарттар түзүлгөнүн, эми жергиликтүү бийлик иштеп, изденип, чамдашы керектигин белгиледи.

“Жергиликтүү бийлик, ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөттөрдүн башчылары өз алдынча аймакты өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди көрүшүңөр зарыл. Аткарган иштериңердин жыйынтыгына карата сөзсүз баа берилет”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий