• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду

Президент 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атына судьялардын кызматтарына дайындоо боюнча сунуштар келип түшкөн — Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотуна 12 талапкер жана Бишкек шаарынын 4 райондук сотуна 8 талапкер.

2019-жылдын 8-ноябрында Мамлекет башчысы айрым талапкерлер менен баарлашты. Анын натыйжасында жана кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Сооронбай Жээнбеков судьялык кызматка 16 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берди.

4 талапкер боюнча иштин материалдарын, ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, Мамлекет башчысы судьялык кызматка бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарып берди.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызматтарына 16 талапкер боюнча Президент чыгарган жарлыктарга ылайык дайындалган судьялар милдетин өтөөгө төмөнкү сотторго жиберилди:

Жалал-Абад облусу боюнча:

— Ала-Бука райондук соту — Мамадалыев Асылбек Райимбердиевич;

— Базар-Коргон райондук соту — Жороев Эльдияр Жолборсбекович;

— Кара-Көл шаардык соту — Уметалиева Чолпонай Маматовна;

— Майлуу-Суу шаардык соту — Маматалиев Таалайбек Ажибекович;

— Ноокен райондук соту — Култаев Талантбек Какаевич;

— Таш-Көмүр шаардык соту — Шайымбеков Рахматулла Амирбаевич;

— Тогуз-Торо райондук соту — Кангелдиев Калыйнур Ратбекович;

— Токтогул райондук соту — Ормушев Тилек Эмилбекович;

— Чаткал райондук соту — Маматов Куштарбек Иссаевич;

Бишкек шаары боюнча:

— Ленин райондук соту — Туражанова Жамиля Асадуллаевна;

— Октябрь райондук соту — Баймуратова Күмүшай Шакировна, Бегалиев Тилектеш Ишеналиевич, Нурбеков Алмаз Турусбекович;

— Биринчи май райондук соту — Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович, Эсенбаев Адылбек Маматибраимович;

— Свердлов райондук соту — Кадыркулова Алма Камчыбековна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий