• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол койду

Президент 0

Бишкек, 01.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жана аларды Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ысык-Көл облустук сотуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 жана Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотуна 1, Ысык-Көл облустук сотуна 2 жана Бишкек шаардык сотуна 5 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2018-жылдын 23-ноябрында Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 5 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 4 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайра кайтарып берди. Алардын 1 — Жогорку соттун судьялыгына жана 3 — жергиликтүү соттордун судьялыгына талапкер болгон.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 5 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотуна сотуна — Казыгулова Мээрим Эсенкановна;

— Ысык-Көл облустук сотуна — Борончиева Жаңыл Кубанычбековна;

— Бишкек шаардык сотуна — Карабеков Алмаз Маматбекович, Рыбалкина Антонина Дмитриевна, Сабитова Жамиля Сабитовна жиберилди.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий